Жалал-Абад. 2015-жылдын 11 айында авариялык өчүрүүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 49га аз болгон

Жалал-Абад облусунун аймагында 2015-жылдын 11 айында авариялык өчүрүүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 49га аз болгон. Бул тууралуу “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коомунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-10 кВ электр орнотмолорунда 2014-жылы 1677 авариялык өчүрүү болгон. Ал эми 2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен 1628 өчүрүүлөр катталып, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 49га азайган. Ошондой эле 7 миң даана электр эсептегичти алмаштыруу жыл башында пландалган болсо, 11 ай аралыгында 16 555 даана электр эсептегичи орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан