Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов СССРдин Эл артисти, КРнын белгилүү кинорежиссёру Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты. Иш-чара 25-декабрда Карабүк шаарынын университетинде аталган элчилик жана Эл аралык түрк тилдүү мамлекеттердин адабият, маданият, искусство уюму тарабынан уюштурулган. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү жана Карабүк шаарында окуган кыргыз, түрк студенттери күбө болушту.
Ибрагим Жунусов өзүнүн сөзүндө Төлөмүш Океев Кыргыз Республикасынын Түркиядагы алгачкы элчиси катары эки элдин ортосундагы туугандык мамилелердин бекем болушуна чоң салым кошконун айтты. Төлөмүш Океевдин чыныгы патриоттуулугуна токтолуп, кинорежиссёр өзүнүн мыкты тасмалары менен кыргыз кинематографиясына дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурдуртуп, аны жаңы деңгээлге чыгарганын баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Төлөмүш Океевдин жашоосуна арналган даректүү тасма жана "Биздин балалыгыбыздын асманы" аттуу көркөм тасмасы көрсөтүлдү.