Ошто эки күн бою муздак суудан изделип жаткан 5 жашар баланын сөөгү табылды

Ош шаарында суудан изделип жаткан баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 27-декабрда саат 18:00 чамасында Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан балык базасында жаш балдардын сууга чөгүп кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Беш адамдан турган Куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган дарекке ыкчам аракетте саат 18:22де жетип барышкан.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө 7 жашар Баястандын жансыз денесин анын атасы Эмил Төрөбаев суудан алып чыккан. Ал эми Баястандын 5 жашар иниси Маратты куткаруучулар болжол менен туурасы 80-90 метр, узундугу 150-160 метр, тереңдиги 1,5-2,5 метр болгон балык базасындагы суудан издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүп, баланын табылбагандыгына байланыштуу жардамга кошумча Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан куткаруучулар жөнөтүлгөн",- деп билдирет мекеме.

"Дайынсыз болуп жаткан жаш баланы суудан издөө-куткаруу иштери саат 22:40ка чейин жүргүзүлүп, караңгы болгондуктан, убактылуу токтотулган. Куткаруучулар издөө иштерин 28-декабрда эртең менен саат 08:00дө кайра улантышкан. Натыйжада саат 10:25те куткаруучулар 5 жашар Мараттын жансыз денесин табышып, атасына жана жакын туугандарына өткөрүп беришти",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Mars55
2015-12-28 16:20:11
Муз тээп ойнойбуз дегенго. байкуш ата энесине сабыр берсин.
+4
kirgizstan
2015-12-28 16:23:32
Жайлары бейиштин торунон болсун. Ата энесине сабыр берсин.
Куткаруучулар суукта сууда ушинтип иштешет азаматтар бар болгула
+3
nelya88
2015-12-28 16:25:06
Абдан окунучтуу... Чоноюп эле калган балдар экен,ата-энесинин абалын соз м.н тушундуро албайбыз.Мындай оор кундордо Аллахым сабыр берсин.
+3
Medina87
2015-12-28 16:37:46
Жаткан жерлери жайлуу болсун периштелердин. Жакындарына АЛЛА сабыр берсин.
+4
Lili
2015-12-28 16:49:06
Ай байкуштар ай, ажал айдап барган го...
Ата энесине сабыр тилейм, жаткан жери жайлуу болсун...
+4
AZAMAT555
2015-12-28 17:09:55
Жараткан ар кандай кылып алат экен туугандарына жана ата энесине терен кайгыруу менен конул айтам жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+5
AZAMAT555
2015-12-28 17:59:13
Бул жер кайсы айыл
+1
gulia90
2015-12-28 18:51:16
Ананайын козулар, кудайга керек экен да. Журогум ооруп кетти.
+5
aikol87
2015-12-28 19:21:57
Ата энесине сабыр берсин.
+4
alisa0910
2015-12-28 22:10:32
Байкуш наристелерге жаман болуптурда,эч кимдин башына салбасын мындай кайгыны.Ата-энесине сабыр тилейбиз,апасы байкуш жаман болуп аткандыр,эне учун баладан айрылуу которо алгыс кайгы.Балдарыбызга коз салууну унутпайлычы урматтуу ата-энелер!!!
+1
HAPPY.GIRL
2015-12-29 01:27:28
Журогум ооруп кетип.
0
tabyshmak
2015-12-29 10:23:06
Эл жашаган жерге жакынбы же алысбы, айтор балык базандын айланасын тосмо менен тоспойт белен. Балык багып, пайда тапканга мээн иштеп, тосмо жасаганга келгенде мээн тонуп калды беле? Акылга кире элек балакайлар мумкун чана тепкени баргандыр... Ата-энесине сабыр берсин Кудайым. Эми балдардын ата-энесин куноолошот "карабайт беленер баланарды?" деп. Оздору ошол балыктай болуп сууга синип кетет кутулуу максатта. Кантсе да бул учун тиешелуу адамдар катуу жаза алуусу зарыл.
0
KUMKA
2015-12-29 11:26:24
бирин бири куткарам деп сууга экоо тен чокконго,жаткан жери жайлуу болусн
0
Batu12
2015-12-29 11:50:53
Алла таалам сабыр берсин...!
0
shiko
2015-12-30 02:45:11
Мумкун балык кармаганы барышкандыр балалык кыялданып менен.жараткан бейишинен орун берсин.журогум жанчылып сыздап атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан