Хайнц Фишер: "Кыргызстанга экономикалык жана демократиялык багытта колдоо көрсөткүбүз келет"

14-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен Австрия өлкөсүнүн президенти Хайнц Фишердин жолугушуусу болуп өттү. Мында Фишер Австрия мамлекети Кыргызстанга экономикалык жана демократиялык багытта колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. “Бул иш сапарды демилгелеген президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирем. Кыргызстан өңдүү өлкөлөргө колдоо көрсөткүбүз келет. Биз Кыргызстан менен демократияны өнүктүрүү боюнча ар кандай өңүттө маек кура алабыз. Иш сапар үчүн бул өлкөнү бекеринен тандап алганыбыз жок. Эми өлкөдөгү тышкы саясат боюнча абалга так баа берсеңер биз абдан ыраазы болобуз”,- деди Фишер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан