Улуттук гвардиядагы кырсык: Жарадар болгон аскер кызматкери Мариповдун төшүнөн ок чыгарыла элек

Бүгүн, 28-декабрда түнкү саат 03:00 чамасында Улуттук гвардиянын №714-аскер бөлүгүндө орун алган кырсыктан улам жарадар болгон Матислам Мариповдун абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жалпысынан Мариповго 3 ок тийген: колуна, ичине жана төшүнө. "Эки ок этти тешип өткөн, үчүнчүсү төшүндө калган. Дарыгерлер бул окту азырынча чыгарбай турушат, анткени операциянын жүрүшүндө бейтаптын абалы андан бетер начарлап кетиши мүмкүн. Бактыга жараша, ок дем алуу органдарына тийген эмес. Аскер кызматкери эсине келди. Окту чыгаруу үчүн операция эртең жасалышы күтүлүүдө",- дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-декабрда болжол менен саат 03:00дө Улуттук гвардиянын Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан №714-аскер бөлүгүндө кароолчу Мейилкул уулу Аскар (1996-жылы туулган) постко кетип баратканда, ошол аскер бөлүгүндө кызмат кылган эки жигит Асылбек уулу Азамат (1997-ж.т.) жана Матислам Марипов (1995-ж.т.) ага кол салганга аракет жасашкан. Кароолчу коркуп кетип аларга карата ок чыгарган. А.Азаматтын ичине бир ок, М.Мариповго үч ок тийген. Саат 07:00 чамасында А.Азамат ооруканада көз жумган.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maripa
2015-12-29 09:11:53
Бири -бири менен кырылышкандын айынан ушул окуя келип чыкты да. Шамаал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. Аман-эсен айыгып кет.
+3
Rifle_2
2015-12-29 18:28:15
Милицияны атып өлтүрдү жакында эле, эгер бул солдат да өлгөндө эмне демексиз. Биринчи ат, болбосо сени атат деген абал азыр болуп жатат.
0
Rifle_2
2015-12-29 18:27:13
Коомдо абад бир аз оор болуп жатат. Жакын арада болуп өткөн окуялар бул ишке мажбурлайт. Кечке эле атышуулар болуп жатат. Бул жигит да мени атат деп, биринчи атып жиберген окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан