* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы ырчы жана актёр Нурбек Савитахунов Фрунзе шаарында төрөлгөн. Борбордук Азиядагы Америка университетинен саясат таануу адистигин аяктаган. “Малышка Би” аттуу ырды “Oakland” тобу менен биргеликте ырдап эл оозуна алынган.
* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы немис автоконструктору жана ишкери Вильгельм Майбах 83 жашында Германиянын Штутгарт шаарында дүйнөдөн кайткан. Ал "Mercedes", "Maybach" компанияларын негиздеп, "конструкторлор падышасы" деген атка конгон.
* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы советтик актёр, СССРдин Эл артисти (1984), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978) Фрунзик Мкртчян 63 жашында Еревандагы үйүндө көз жумган.
Фрунзик Мкртчян 1930-жылы 4-июлда Армениянын Ленинакан шаарында туулган. 1945-1946-жылдары А.Мравян атындагы театрдын алдындагы студияда окуп, 1947-жылы аталган театрда актёр болуп иштей баштаган. Фрунзик Мкртчян окуп жүргөн кезинде эле тасмаларга тартылып, 1955-жылы "В поисках адресата" аттуу анын катышуусундагы тасма жарыкка чыккан. Андан соң актёр "Кавказская пленница, или Новые приключения Шурика", "Тридцать три", "Белый рояль", "Мужчины", "Каменная долина", "Мимино", "Приключения Али-Бабы и сорока разбойников" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы шотландиялык футболчу Фил
О`Доннелл 35 жашында дүйнө салган. "Мотеруэлл" жана "Данди Юнайтед" клубдарынын беттеши учурунда мотеруэллдик Фил О`Доннелл атаандашынын дарбазасына гол киргизип, сүйүнүчүн күйөрмандары менен бөлүшүү үчүн чуркап бара жатканда кулап калган. Ага медицина кызматкерлери жардам берүүгө аракет кылышып, бирок өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
29-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.