27-декабрда Жалал-Абад облусунан кармалган Сириядан келген адамдар өлкөнүн аймагында оор кылмыштарды жасоону пландашкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири Ш.А. 1995-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. Ал 2013-жылдын февраль айында Түркияга кеткен. 2015-жылы бир нече айдын ичинде ал Сириянын Латакия аймагында экстремисттердин машыгуучу жайында ок атуучу куралды колдонууну үйрөнгөн.
Кармалгандардын дагы бири И.А. 1988-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну. 2013-жылы Египеттен окуусун аяктап, Түркияга барып калган. Бул жерде Өзбекстандын жарандары менен таанышып, алар аны жихадга катышууга чакырышкан. Ошентип, ал 2015-жылы Сирияга барган. Кыргыз мамлекетинен кармалганда, анын жанынан экстремисттик мүнөздөгү китептер табылган.
Учурда аталган фактылар боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө. Кармалгандар соттун чечими менен 2 айга камакка отургузулушту.