Таразда хирургдар 11 жаштагы кыздын ашказанынан 1 килограммдан ашык чач алып чыгышты

Таразда хирургдар 11 жаштагы кыздын ашказанынан 1 килограммдан ашык чач алып чыгышканын казакстандык телеканалдар маалымдашты.

Кыздын ашказаны ооруп, аны түн ичинде ооруканага алып келишкен. Ал тамак жеп-иче албай калган. Бул чоң чач топтому ашказандын 17 сантиметрин, ичегилеринин 35 сантиметрин ээлеген. Ашказандан алынып чыккан чач калыңдап, чырмалышып, кийиз сымал болуп калган.
Маалым болгондой, бул оору сейрек кездешип, нерв системинин бузулушунан болот. Мындай оору менен ооругандар кыжырланганда өзүнүн чачын чайнап, жута башташат.

Эске сала кетсек, мындай окуя былтыр кыргыз өлкөсүндө да болгон. Анда дарыгерлер 23 жаштагы кыздын ашказанынан 800 грамм чач алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Moskva.kg
2015-12-29 10:53:10
Ичке кирген чач осот деп коюшат го чын окшойт ошол нерсе
0
Rifle_2
2015-12-29 18:15:29
Moskva.kg, ичке кирген чач өсбөйт(көп убакыт бою жеп жүрө берет) . Бул психикалык оруу. Триховагия деп аталат. Бизде да 2013-жылы дал ушундай операция жасалган.
0
expert.007
2015-12-29 11:20:04
Рекорд коюптур да
0
Parish
2015-12-29 11:25:38
Шумдугун кургур.
0
nurik2103
2015-12-29 11:57:25
чайнап жутат дейби?
0
Sema04
2015-12-29 16:21:47
Суротто чач эмес эле,адамдын башы корунуп калыптыр.
-1
Rifle_2
2015-12-29 18:16:30
Адамдын башы бачка формада го ? Же сиздин көзүңүзгө ушундай көрүнөбү ?
+4
Genar.benicio
2015-12-29 23:21:43
Кантип жейт чачты?
0
Moskva.kg
2015-12-30 02:07:33
Чайнап жеген болсо чач кийиздей болуп катып калмак бул бош эле бирикбей турат кыска болгондо мейли эле бирикбейт деп калат элек бул узун чач топтой болуп катып калыш керек эле бул уйдун куйругу эмесби?
-3
ademum08
2015-12-30 21:17:23
Астагфируллах...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан