Бишкектин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда шаар мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган 1130 балага майрамдык иш-чара уюштурулду. Балдарга “Кар киши” аттуу театралдык чыгарма тартууланып, Аяз ата менен Аяз кыз белектерди беришти. Жалпысынан бул жаңы жылдык салтанатты өткөрүүгө район бюджетинен 439,4 миң сом жумшалды.