Кара-Көлдө 11 жашар окуучу кызды зордуктап, муунтуп өлтүргөн кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылды

Кечээ, 28-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 11 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүнүн ишин шаардык сот жабык эшик артында карады. Жыйынтыгында айыпталуучу А.Ызаков өмүр бою эркинен ажыратылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Кара-Көл шаардык сотунан тастыкташты.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 25-сентябрында саат 15:20 чамасында Кара-Көл шаарынын “Энергетик” сейил багынын чыгыш тарабынан жип менен муунтулуп, кийимдери чечилген абалда, киши колдуу болгон Кара-Көл шаарынын 2004-жылы туулган тургуну, Ч.Түлөбердиев атындагы №2-орто мектебинин 6-классынын окуучусунун жансыз денеси табылган.

26-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда 11 жолу ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон Токтогул районунун 35 жаштагы тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Rifle_2
2015-12-29 09:54:07
Мындан да күчтүү өкүм болсо жакшы болмок. Биздин төлөгөн налогду ушундай кылсышкерлерге жумшабай, жакшы иштерге жумшаса болмок. Өмүр бою эркинен ажыратып, аны багып отурбай өлүм жазасын киргизсе болмок. Же кылмышкердин уруксаты менен, башкаларга жакшылык кылсын, трансплантация менен.
+5
Rashinboy
2015-12-29 11:05:42
Rifle_2, аякта копко жашабайт арты курттап олот же муунуп олот.
+2
Rifle_2
2015-12-29 18:20:44
Rashinboy, жөн эле өлүп кеткенден көрө, оорулууга сооп иш кылып өлсө пайдасы тиет беле деген ой да. Азыр канчалаган адамдар жүрөт бөйрөк, боор издеп.
0
mira28
2015-12-29 23:31:23
Rashinboy, Ошондой эле болсун айбанды чырпыктай кыздын арбагы тынч койбосун.Кыйналып олсун.
0
Sobr777
2015-12-29 10:12:41
Туура кылыптыр. Эми бир омур кыйналсын
+2
Aizatnur
2015-12-29 11:17:21
Иииий уужас
+1
timarama91
2015-12-29 12:03:54
Во бул башка кеп.
+1
begai93
2015-12-30 04:25:41
Ошол жакта татыктуу жазасын алсын эми ХХХ
0
admin_superstan
2015-12-30 09:43:57
begai93,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
arena2014
2015-12-30 08:06:29
Мурда 11 жолу кылмыш жасап бул 12 болсо анда кайра чыгып кылмыш жасабайт деп ким кепилдик берет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан