14-мартта Бишкекте Австриянын президенти Хайнц Фишердин расмий сапарынын алкагында эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлду. Тактап айтканда, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Австриянын Айыл, токой чарба, курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо министрлигинин ортосунда айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүүчүлүк жөнүндө меморандумга, КРнын Соода өнөр жай палатасы менен Австриянын Экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууларга кол коюулар орун алды. Фишердин Кыргызстанга болгон иш сапары бүгүн, 15-мартта да улантылат.