Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 29-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 47 жаштагы А.Замира аттуу аял кайрылган. Ал ушул жылдын август айында акча алмаштыруучу жайлардын биринде Улан жана Бактыбай аттуу чала тааныш балдар батир алып берүүнү убадалап, 20 миң долларын алганын айткан. Экөө ошол бойдон качып кеткенин билдирип, аларга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү катары Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну Уланбек кармалды.