Борбор калаада мас абалында курбусун өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы кыз кармалды

Бишкек шаарында мас абалдагы жаш кыздын бычактан улам каза тапкандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда эртең менен жандандыруу бөлүмүнө бычактан жаракат алган 23 жаштагы С..Ж. аттуу кыз алынып келинген. Көп өтпөй ал өзүнө келбей жатып ооруканадан каза болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында каза тапкан кыз батирде 42 жаштагы адам жана 22 жаштагы К.Гүлзада аттуу курбусу менен бирге алкоголдук ичимдиктерди ичип отурганда ортодо түшүнбөстүктөр чыгып, урушуп кетишкени белгилүү болгон.

42 жаштагы жаран эшикке чыгып келгенден кийин К.Гүлзада курбусун бычактап салганын айткан. Кылмышка шектүү кыз камакка алынып, учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Moskva.kg
2015-12-29 10:34:26
Бул жерде бир иш бардай туюлду бирок аны жалгыз аллах билет эми кыз бала деген ичбей эле койбойбу ошол эле калды эле барган сайын жайы жаннаттан болсун деген созду коп угуп коп окуп калдым эх окунучтуу
+5
Rashinboy
2015-12-29 11:02:40
42 жаштагы адамды талашышса керек да кызганышып.
+7
mer88
2015-12-29 12:32:53
СУПЕР башка сайттарда таксистке кол салгандар кармалгандыгы журот ошону тактап бере аласынарбы
0
Parish
2015-12-29 14:07:12
Ушундайлардан кийин жакшылык кутууго
болобу деген ой келет да.Жапжаш блоуп
бчак кармап,арак ичкен кыздардан.
+4
bazar
2015-12-29 14:10:32
"К" талашыптыр...
+3
azamatzh
2015-12-29 14:14:53
арак бардык куноолордун энеси.
+5
Rifle_2
2015-12-29 18:18:48
ХХХ ХХХ Ар жерлерде, көрүнгөн ичип, ырахаттанып коюп жүрөт. Жашы өткөндө калат анан ХХХ.
+2
admin_superstan
2015-12-30 10:00:42
Rifle_2,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан