Чүй облусунун Жайыл районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5888 тургундун ичинен каттоого турган 2531и жөлөк пул алат. Муну бүгүн, 29-декабрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жөлөк пул алуучулардын 821и бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 487си жаш балдар. "Жыл башынан бери Жайыл райондук социалдык башкармалыгы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 27 адам үчүн араба жана 63 адам үчүн курорттук-санаторийге эс алууга жолдомо берилген",- деп билдирет мекеме.
"Ошондой эле жакындары жок, жалгыз калган 45 тургунду социалдык кызматкерлер үйүнө барып карап келишет. Ал эми “Биз биргебиз!” аттуу акциянын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам катары 598,6 миң сом чогултулган",- деп айтылат маалыматта.