Чүй облусунун эки буту баспай калган тургуну Порше унаасын кол менен башкарууга ылайыкташтырып чыкты (фото)

Чүй облусуна караштуу Байтик айылынын эки буту баспай калган Камил Гайдаров аттуу тургуну Порше унаасын кол менен башкарууга ылайыкташтырып чыкты. "Үйдө терек кыйып жатып жерге кулап түшкөм. Ошондо белим сынып, жүлүнүм кысылып калыптыр. Арадан 3,5 жыл өттү, эки бутум иштебей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасында отурам",- деген Гайдаров Порше унаасын (газ, тормозду) кол менен басууга ылайыкташтырганын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Бул унааны алганыма бир жыл болду. Токмокто бир үйдө турган жеринен 13 миң сомго сатып алып, өзүмө ыңгайлуу кылып кураштырып чыктым. Ичинин баарын булгаары менен каптадым. Унаа 1978-жылы чыгарылганы менен, анча-мынча унааларга караганда жакшы, жылуу. Көлөмү 350 м³ (объём цилиндра 350 м³), жүзүнө 6 литр май сарпталат",- дейт Камил Гайдаров.

Эки буту баспай калган Гайдаров Порше унаасын кол менен башкарууга ылайыкташтырып чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aidai88
2015-12-30 13:00:50
Аман болунуз... ден соолук каалаймын....
+6
Rifle_2
2015-12-30 13:03:17
Басбай калганы өкүнүчтүү !!!
Аракетчил адам, айласын табат.
+5
Arslan12
2015-12-30 13:26:08
Азамат, кыргызча дагы так суйлойт экен
+5
Patrik
2015-12-30 13:26:39
Порше панамераны элестетип алыпмын.
-5
ooki8888
2015-12-30 13:51:39
"Порше"- ЗАЗда десек туура болчудан.
-6
Maripa
2015-12-30 15:43:18
Тагдырга баш ийип отуруп калбаган азмамат киши экен. Омурунуз узун болсун.
0
azamatzh
2015-12-30 16:20:06
Аракетке берекет.
+1
nazi
2015-12-30 23:43:11
Жакшы жасалыптыр кудайым ден соолук берсин аман болунуз онорунуз оркундой берсин
+1
Akil8484
2015-12-31 11:17:50
Азаматсын братан бирди коюп койюсун эээ суукта уруп турганга кел анда алып жибер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан