Иштебеген адамдарга маяна жаздырган Жалал-Абаддагы соттук-медициналык экспертиза кызматкерлерине козголгон кылмыш иши сотко өттү

Жалал-Абаддагы соттук-медициналык экспертиза кызматкерлерине козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу 29-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Соттук-медициналык бюронун башчысы Д.О., башкы бухгалтер М.Г. жана кассир А.Г. 2010-2015-жылдар аралыгында мекемеде иштебеген кызматкерлер үчүн маяна жазып турушкан. Натыйжада мамлекетке 952 477 сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Бул боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 781 000 сом мамлекетке кайтарылып берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tabyshmak
2015-12-29 10:49:19
Мындай фактыларды катуу киришуу менен текшерууго алсанар далайын табасынар. Мисалы: мектептерде, ЖОЖда, башка мекеме-иш-каналарда...
0
Rifle_2
2015-12-29 18:31:28
952477 сом үчүн 15-20 жылга камайт эми. Депутат болгондо үй камагына камайт эле. Сотка, тв, интернет колдонууга гана болбойт деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан