Талас облусундагы Кара-Буура районунун прокуратурасы тарабынан №6-Жол-эксплуатациялык мекемесинин бир катар жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу прокуратурадан бүгүн, 29-декабрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, №6-Жол-эксплуатациялык мекемесинин бир нече жооптуу кызматкерлерине "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "ишенип берилген акчаны же мүлктү мыйзамсыз коротуу, жоготуу" беренелери боюнча кылмыш иштери козголду. Иликтөө иштеринин натыйжасында алардын 2014-2015-жылдар аралыгында бир катар мыйзам бузуулар аркылуу 47 458 сом акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.