Акыркы сутка ичинде өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталып, Кара-Сууда 2 кабаттуу бастырма толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 6, Талас облусунда 1, Жалал-Абадда 1, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 100 чарчы метр, 2 кабаттуу бастырма толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
marmiladka9
2015-12-29 12:13:39
бастырма эмне?
-1
modem4999
2015-12-29 12:20:10
marmiladka9, койлор жашай турган особняк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан