Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 28-декабрдагы жыйынында "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси үчүнчү окууда жактырылды.
Аталган мыйзамдын бир катар жоболорун "Жер казынасы жөнүндө" жана "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамдарына ылайык келтирүү сунушталууда. Конституциянын 5-беренесине ылайык, мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
"КРнын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 10-11-беренелерине ылайык, өкмөт бул мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик мекемелердин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү аркылуу бөлүштүрөрү айтылды.