Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 28-декабрда кен казуу тармагынын ачыктыгын камсыздоого грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Экономика министрлигинин билдиришинче, келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк аталган багытка 300 миң доллар гранттык каражат берет. Акчанын бир бөлүгү жаңы жабдууларды сатып алууга, экинчи бөлүгү адистерди окутуу, отчётторду даярдоо, алардын жарыяланышын жакшыртууга жумшалмакчы.
Депутат Кубанычбек Жумалиев Монголиянын кен казуу жаатында топтогон тажрыйбасын үйрөнүү үчүн курамы депутаттардан жана адистерден жумушчу топ түзүүнү сунуштаса, депутат Акылбек Жапаров кен казуу тармагын экологияны коргоонун “Евро-5” стандартына өткөрүү зарылдыгын айтты.
Депутаттар бул жаатта токтомдун долбоорун иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.