Чүй облусунун Сокулук районунда уурулук фактысына шектелип 16 жаштагы үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактык милицияга арыз менен 25 жаштагы О.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 1-декабрга караган түнү белгисиз жарандар анын Ауди С 4 үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, баалуу буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы С.М., К.М. жана К.А. аттуу өспүрүмдөр кармалган. Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталып, иликтөө иштери улантылууда.