Кечээ, 28-декабрда саат 06:58де Токтогул ГЭСинде болгон аварияга байланыштуу өлкө боюнча убактылуу электр өчүрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйындын жүрүшүндө экономика министринин орун басары Айбек Калиев билдирди.
“Анда 3-генератор убактылуу иштен чыккан. Кабелдик линияларды текшерүүгө алганда 3-кабелдин бир фазасында май агып калганы байкалган. Мындан улам республика боюнча саат 09:00дөн баштап 235 мегаватт өлчөмүндө чектөө киргизилген. Бүгүн саат 12:00дөн тарта бардык чектөөлөр жоюлду. Учурда авариянын кесепеттери боюнча консультация алуу үчүн Орусиядан жана Кытайдан адистер чакырылып, иштер жүрүп жатат”,- деди Калиев.
Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСиндеги биринчи авария буга чейин 23-декабрда болгон: саат 08:10 чамасында Токтогул суу-электр станциясында трансформатор жарылган. Мындан улам Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСинин машина залында 3 фазалуу ТТ-400 000/500 трансформаторунун агып кеткен майы күйгөн. Өрт ошол эле күнү саат 14:50 чамасында толугу менен өчүрүлгөн.