Улуттук гвардиядагы кырсык: Аскер кызматкерлерине ок чыгарган кароолчуга 4 айып тагылды

Кечээ, 28-декабрда Улуттук гвардиянын №714-аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлерине ок чыгарган кароолчу Мейилкул уулу Аскар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү", "кызматтык абалынан пайдалануу", "кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу" жана "шалаакылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG'ге кабарлашкандай, кырсыктан улам жарадар болуп, оор абалда ооруканага жаткырылган Матислам Мариповдун абалы учурда орто оор деп бааланууда. "Анын төшүнөн ок чыгарыла элек. Окту чыгаруу боюнча операция консилиумдун чечими менен өткөрүлөт. Азырынча бул операция качан өтөрү белгисиз",- дешти министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-декабрда болжол менен саат 03:00дө Улуттук гвардиянын Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан №714-аскер бөлүгүндө кароолчу Мейилкул уулу Аскар (1996-жылы туулган) постко кетип баратканда, ошол аскер бөлүгүндө кызмат кылган эки жигит Асылбек уулу Азамат (1997-ж.т.) жана Матислам Марипов (1995-ж.т.) ага кол салганга аракет жасашкан. Кароолчу коркуп кетип аларга карата ок чыгарган. А.Азаматтын ичине бир ок, М.Мариповго үч ок тийген. Саат 07:00 чамасында А.Азамат ооруканада көз жумган. Ал эми жарадар болгон М.Мариповдун абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Ага жалпысынан 3 ок тийген: колуна, ичине жана төшүнө. Эки ок этти тешип өткөн, үчүнчүсү төшүндө калган. Ок дем алуу органдарына тийген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ediko85
2015-12-29 14:33:18
Кол салса ататта анан эмне сылап койсунбу (((
+16
AiBoru
2015-12-29 19:33:40
ediko85, дааа, туура айтасын. Мумкун коргонуу иретинде ок чыгаргандыр, тем более туну кол салса коркуп же чочуп еетти да
+2
chyngyz-KG
2015-12-29 15:07:09
Устав боюнча асманга атып эскертуу бериш керек эле.Сочко кетип жатканбы экоо?Кудай билет.Командири инструктаж откон бекен озу
0
Take_men
2015-12-29 15:49:57
chyngyz-KG, эгерде, сага автоматыны тартып алуу учун кол салса асманга атканга улгуросунбу? Кандайча болгонун толук жазса болмок. Биз билбей эле ар нерсени айтып божомол кылып атабыз
+7
chyngyz-KG
2015-12-29 17:19:24
Take_men, Автоматты эмнеге тартып алат эле?Эшек жайлообу армия тунку учто жургудой
+1
Rifle_2
2015-12-29 19:19:42
chyngyz-KG, Кол салганга аракет кылган деп жазылып турат. Автоматты толук тартып алуусу мүмкүн. Себеби коргонуу куралы,атып жибериши мүмкүн.
Шашылышта инструктаж эске келбейт.
+1
Take_men
2015-12-29 21:26:11
chyngyz-KG, Эн туура, эшек жайлоо эмес. Тунку саат учто постко бараткан аскерде болот автомат. А берки экоо эмне кылып журот казармада уктабай. Эмне болгонун коргон жокбуз. Каза болгон баланын Жаны Жаннатта болсун!
+1
_adil_
2015-12-29 15:18:14
Бул жерде ойундан от чыккан деп ойлойм, жондон жон эле эки кишини атпайтта, торт ок чыгарган уруша ктеишкенго. Ошон учун айтатта оружия шуток не любят ошибок не прощаютдеп неси болсода жаман иш болуптур окунучтуу. Азыр солдаттар аябай эле слабый эштекеге чыдабай кичине кыйналсале качышкерек же асынып олот. Армияда жакшы соз бар чыдап койсон баары отуп кететдеген,
+3
Rifle_2
2015-12-29 19:21:33
Дедобщина болушу да мүмкүн. Күчтүүлөр уруп тажата берсе, жетип кетип аткандыр. Негизи алсыз адамды кайра кайра басынта берсе, ушуну көрмөк.
0
islamchik
2015-12-29 15:48:26
эмнеге ага айып тагышат тушунбодум негизи уставдын негизинде ал озунун кайтарып жаткан жерин коргоого милдеттууда тиги эки жоокер анын кандай кайтарып турганын сынап коробуз деп оздору тийшкенда болбосо ал жон еле атып салбайтда биринчи эркертуу берет болбосо асманга атат агада болбосо бутка атат эркетууну укпаса атышы керекта
+5
nurik11-29
2015-12-29 15:49:07
жон жерден атпайт,аларда ошол денгеелге жеткирип коюшканда!бул окуяда кобуно сабак болуп калат эми!
+2
Sema04
2015-12-29 16:15:31
Эгер Азамат коз жумган болсо ок денесине даана тийиптир.А тиги Матисламга 3 ок тийсе да бешенеси бар экен аман калыптыр.Негизи куноолу бала эскертуу бериш керек эле,асманга атып.Окуя тунку саат учтордо болуптур,карангы,козго элес-булас корунгон маал эле.
0
Rifle_2
2015-12-29 19:23:11
Sema04, ичине ок тийген бала, менимче чоң кандай тамырга тийип калгандыр. Брюшная аорта, же вена,же mesenterica superior, же inferior. Варианты көп.
-3
NuradilKazybek
2015-12-29 16:28:53
Саат учто пост алмашат да жанында разводящий дагы эки часовой болуш керек эле бул жерде жашырылган дагы окуялар бар
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан