Бүгүн, 29-декабрдан тарта келе жаткан Жаңы жыл майрамына карата өлкө аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
"Бүгүндөн тарта 1-январга чейин өлкөнүн бардык аймактарында күч органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүштү. Борбор калаада 3 миңге чукул милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөмөкчү. Андан сырткары райондук бөлүмдөрдө да тиешелүү кызматкерлердин баары иш алып барышат. Жаңы жыл күнү майрамдык салтанаттар өтүүчү жайлар да катуу көзөмөлдөнөт",- дейт Б.Сейитов.