Ат-Башы районунда жаңы бала бакча ачылды

Бүгүн, 29-декабрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында "Сезим" аталышындагы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, бала бакча бүгүнкү күндүн бардык талаптарына жооп берет.

"Буга чейин имараттын жоктугуна байланыштуу бала бакчаны айылдык клубдун имаратында ачуу чечилген. 2002-жылы ошол эле жерде 50 балага ылайыкташкан бала бакча ачылган. 2014-жылы ал облустук юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет",- дейт Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов.

Бала бакчанын жаңы имаратын оңдоого 300 360 сом жумшалган, Ак-Жар айылынын жергиликтүү бийлигинен 1 миллион 195 миң сом жана Каржы министрлигинен кубаттоочу грант катары 2 миллион 165 миң сом бөлүнгөн.

Балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими менен керебеттерди жана окууга керектүү материалдарды алуу үчүн 60 миң сом бөлүнмөкчү. Мындан тышкары жергиликтүү калк тарабынан ар дайым материалдык жардам көрсөтүлүп келет.

"Жаңы бала бакчанын ачылышы менен балдарды мектепке чейинки билим менен камсыз кылуу маселеси чечилди. Азыркы маалда 120 наристе бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн алып, биздин жаңы кадрлар жумуш менен камсыз болушту",- дейт Дүйшөнбек Дөөткулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2015-12-29 18:36:43
Сүрөтү жокбу ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан