Чүйдө шериги менен таксистти токмоктоп, унаасын уурдап, жол кырсыгына кабылган адамга 3 айып тагылышы мүмкүн

Чүй облусунда таксистти ур-токмокко алып, уурдалган унаа менен жол кырсыгына кабылып, тирүү калган адамга карата 3 берене боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди.

"Кылмышка шектүү эки адамдын бири жол кырсыгынан каза тапкан. Ал эми анын шериги оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүүдө, окуянын башы шаардан болгондугуна байланыштуу бул иш Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилди. Ал эми экспертизалардын жана иликтөө иштеринин жыйынтыгына жараша "каракчылык", "унааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу" жана "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн",- дейт Н.Нусупова.

Анын айтымында, жабырлануучу таксисттин абалы орто оор деп бааланып, учурда ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми кылмышка шектүү адам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тиешелүү экспертизалар бүткөн соң ал жоопко тартылмакчы.

Эске салсак, кечээ саат 22:30 чамасында эки белгисиз адам таксистке кол салып, анын унаасы менен Токмок шаарын көздөй качып кетишкен. Кийин кылмышка шектүүлөр жол кырсыгына кабылып, алардын бири 19 жаштагы Х.Ш. окуя болгон жерден каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_2
2015-12-29 19:08:09
Бирөөнүн адал тамагы , кантип башкага жугат эле. Байкуштар күнөө кылып жатып өлүп кетиптир. Тооба кылганга үлгүрбөй. Эми экинчиси тооба кылып жетишип калсын.
+2
dubai
2015-12-30 00:39:02
алар таксистти муунтуп уруп багажникке салып айдап бара жатканда таксисттин канжалаган колу сыртка чыгып калыптыр,колу менен жансап белги берип кете берген,акыры артындагы машинадагылар коруп калып кууп алдын торогондо токтогондо водитель качып чыгат.ал багажниктен чыгаары менен тигилер машинаны айдап жоношот,ага чейин ГАИ аркасынан кууп баратканда катуу ылдамдыкта бараткан балдар авария болуп бироосу окуя ордунда жан берет,экинчиси реанимацияда,кылмыш кылган балдар 95-96жылкы балдар экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан