* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы советтик жана кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева 70 жаш курагында каза болгон.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинен Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Уурдалганга чейин музейдин 2-кабатындагы Орус көркөм сүрөт залында илинип турган “Крымдагы деңиз пейзажы” аталышындагы сүрөт 1866-жылы тартылган.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Иракты 24 жыл башкарган (1979-2003) өлкөнүн 5-президенти Саддам Хусейн Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча 7 жолку Дүйнө чемпиону, германиялык Михаэль Шумахер кышкы эс алууну Франциянын Мерибель шаарындагы тоо-лыжа базаларынын биринде өткөрүп жаткан. Лыжа тээп жүргөндө жыгылып, башы менен ташка урунган.
29-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.