Бишкек. 6-кичи районунда көп кабаттуу турак жайда таштанды төгүүчү түтүктөн чыккан түтүнгө 5 адам ууланды

Кечээ, 29-декабрда саат 15:50 чамасында Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы көп кабаттуу №14/1-үйдө таштанды төгүүчү түтүк түтөй баштаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жайда өрт чыккан жок. Кырсыктан улам 5 жашоочу түтүнгө ууланган. Аларга "Тез жардам" кызматы биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага алып кеткен. Өрткө каршы кызматы жүргүзгөн операция учурунда үйдө жашагандардын баары сыртка эвакуацияланган. Операция аяктагандан кийин жашоочуларга батирлерине кирүүгө уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2015-12-30 09:19:27
Подьездке чыгып сигарет чеккен. Каякка ыргытаарын билбей, ошол трубага салып жиберген. Натыйжада түтөй баштаган.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан