Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 6, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 3, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Бишкек шаарындагы Офицерский туюк көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыгып, ал жерден 54 жаштагы Ат-Башы районунун тургунунун күйүп калган жансыз денеси табылган. Маркумдун денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.