Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишим ратификацияланды

14-мартта президент Алмазбек Атамбаев "2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстан менен Кытай өлкөсүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Ага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо грамоталарын алмашууну жүргүзүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан