Чүйдүн Беловодск айылында 29-декабрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган үйдү тапшыруу салтанаты өттү.
Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров президент Алмазбек Атамбаевдин атынан куттуктоо жолдоп, күч органдарынын кызматкерлерин үй менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи. “Акыркы жылдары мамлекет башчыбыздын колдоосу менен биз күч түзүмдөр кызматкерлеринин жүздөгөн үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылууга жетиштик. Бул иш кийинки жылы дагы улантылат. Биз ички иштер органдарынын, коопсуздук жана коргоо органдарынын кызматкерлеринин турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн бардык чараларды көрөбүз”,- деди Жумакадыров.
Учурда коомдук тартипти камсыз кылууга айрыкча көңүл бурулуп, ИИМ кызматкерлеринен кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча натыйжалуу иштер күтүлүп жатканын кошумчалады.
44 батирлүү үй Жайыл, Сокулук жана Москва райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди.