Владимир Путин президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргыз Республикасынын элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин 30-декабрда президент Алмазбек Атамбаевди жана өлкө элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 30-декабрда президенттик аппараттан билдиришти.

“Узап бараткан жылы биргелешкен аракеттер менен кыргыз-орусиялык мамилелердин бардык түйүндүү багыттарында сезилерлик ийгиликтерге жетишип, аймактык иштерде өнөктөшүп, өз ара аракеттенишүүнүн алкагын кеңейте алдык. Бул жагынан Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу зор мааниге ээ болду”,- деп белгиленет Путиндин куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин интеграциялык кызматташууну мындан ары да күчөтүү достук мамиледеги эки өлкөнүн элдеринин бакубатчылыгынын өбөлгөсү, Борбордук Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп каларына ишенимин билдирди.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан