Индияда апасынын шайлоодогу жеңиши үчүн анын 14 жаштагы кызын атаандашынын адамдары зордуктап кетишти

Индияда 14 жаштагы кызды эки киши зордуктагандан кийин ал өз жанын кыйган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыздын апасы жергиликтүү башкаруу органдарындагы шайлоого катышып жаткан. Жыйынтык боюнча алдыда бара жатканын байкашкан атаандаш талапкердин туугандары анын кызын зордуктап кетишкен. Бул тууралуу 29-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан Мирзапур шаарында болгон. Шайлоонун жыйынтыктары чыга баштаганда эки адам жеңүүчү болуп келе жаткан айымдын кызын уктап жаткан жеринен уурдап кетишкен. Жабырлануучу апасы менен полицияга кайрылган, бирок кылмыш иши козголгон эмес. Андан соң кыз үйүнө келип, өз өмүрүнө кол салган. Маалыматка караганда, учурда кылмышка барган жарандар камакка алынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bolotbai3
2015-12-30 11:10:09
Зордукчулар кыргыздар эмес бекен.
-21
beka1207
2015-12-30 11:14:32
bolotbai3, кыргыздар гана зордукчулбу?
+6
medetbek
2015-12-30 12:00:19
bolotbai3, ХХХ анан жазчы. Кечирип кой катуу тийсе.
+3
admin_superstan
2015-12-30 12:18:56
medetbek,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
Vacant
2015-12-30 12:56:33
bolotbai3
Ушинтип оз улутуна соз келтиргенден коро тушунугунду кенейтсен, индустар алыскы аймактарында айбандардардан аз эле ойдо турарын билмексин. Зордуктоо, анын ичинен оспурумдорду ата энесинен жакын туугандарынан оч алыш учун же адамдын оюна келбеген урой учурган салт санаасы мн Индиянын атагы чыкты го.
+3
Rifle_2
2015-12-30 13:17:54
Биз цивилизация боюнча индустардан алда канча бийик турабыз.
Бишкекте жүрөт го , дисциплина жок.
+1
aikokul14
2015-12-30 17:40:13
bolotbai3, ушу сен кыргыз эмессин сыягы,аял башым менен мен кыргыз десе ичим тызылдап кетет
0
Arslan12
2015-12-30 12:14:38
Гезит окусан индустардын жашоосун билесин
+6
Moskva.kg
2015-12-30 23:26:53
Элдин алды болсон коз тиет арты болсон соз тиет дегендей байлардын жашоосу деле кыйын мафия болуп кетишкен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан