Бишкекте бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу 30-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 36 жаштагы Э.Миргүл аттуу аял кайрылган. Ал 16 жаштагы уулу И.Каныбекке белгисиз адамдар күч колдонуп, анын 1000 сом акчасын тартып алышканын айткан. Буга шектүү катары 16 жаштагы К.Тилек аттуу бала кармалды.
Мындан сырткары укук коргоо органдарына М.Роман, И.Авасбек жана Ж.Максат аттуу жарандар кайрылып, белгисиз адамдар алардын унааларынын айнегин сындырып, буюмдарын уурдап кетишкенин айтышкан. Фактыга шектүү катары 16 жаштагы С.Ефим, 13 жаштагы Н.Роман, 14 жаштагы Т.Самат кармалышты.
Ал эми "Ош базарында" соода кылган Ш.Рысбек аттуу жаран 15 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин айтып, милицияга арыз жазган. Бул факт боюнча уурулукка шектүү катары К.Сардар аттуу шаар тургуну кармалды.