Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, 29-декабрда жол кырсыгынан жөө адам каза болду. Окуя саат 21:20 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 47-чакырымында катталган. Анда Мерседес-Бенц-200 унаасын башкарып бара жаткан 29 жаштагы С.А. аттуу жаран жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. 1960-жылы туулган Ч.О. аттуу аял алган жаракатынан кырсык болгон жерден каза тапкан. Автоунаа айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.