Башкы прокуратура унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берилгендигине байланыштуу
Жол-кайгуул кызматынын башчысына жана башка жооптуу кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүү боюнча ички иштер министрине кайрылды. Бул тууралуу 30-декабрда өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн текшерүүдө ИИМдин Жол-кайгуул кызматы тарабынан 2015-жыл аралыгында унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат кагаздары мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, укук коргоо органдарынын оперативдик иштерге пайдаланылуучу унаалары, инкассаторлордун унааларынын терезелерин караңгылатууга уруксат берилет.