Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Маалыматка ылайык, мелдеш 18-24-март күндөрү Анталия шаарында болуп, ага 24 өлкөнүн атынан 70тей спортчу айым катышат.
Ал эми 18-марттан 23-мартка чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында жаштар арасында теннис боюнча эл аралык мелдеш орун алат. Бул спорттук иш-чарада 7 өлкөнүн атынан 50 спортчу күч сынашмакчы. Анда мекендешибиз Алёна Панфилова намыс талашат.