Акыйкатчыны шайлоо: Депутаттарга анекдот айтып берген талапкер акыйкатчы болуудан баш тартты

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат. Анын жүрүшүндө дагы бир талапкер Мавлян Аскарбеков акыйкатчы болуудан баш тартты. Жыйынтыгында 3 талапкер калды. Алар: Кубат Оторбаев (КСДП), Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт") жана Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынынын башында акыйкатчы кызматына 7 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"), Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан") жана Толкунбек Исаков ("Ата Мекен") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышкан.

Акыйкатчы болуудан баш тарткан М.Аскарбеков жыйындын жүрүшүндө депутаттарга соттолуп жаткан кыргыз жөнүндө анекдот айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан