Айрым активисттердин каршылыгына карабай Бишкекте дельфинарий ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 30-декабрда Бишкекте дельфинарийдин ачылышы болуп өттү. Анда дельфиндердин катышуусунда 50 мүнөткө туураланган чакан көрсөтмө орун алды. Дельфиндер топ менен ойноп, бийиктикке секирип, адамдарды куткарган номерлерин элге көрсөтүштү.

Бул күнү кароосуз калган балдар алынып келинип, дельфинарийдин ачылышына катышты. Мэрия жакынкы аралыкта бир катар балдар үйлөрүнөн балдарды алып келип, дельфиндердин жандуу көрсөтмөсүнө катыштырууну пландап жатат.

SUPER.KG порталы мэриянын өкүлдөрүнөн мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетовага суроо салып, жарандык активисттердин элди дельфинарийдин ачылышына каршы үндөп жатышканы канчалык жөндүү экенин билүүгө аракет кылды. "Биз бул жайдын кандай иш алып барары, суунун курамы жана башка жагдайлары менен тааныштык. Албетте, жаныбарларга орой мамиле жасалып жатат деген ойго кошулбайм. Бардык тартиптер сакталууда",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
timarama91
2015-12-30 20:01:28
Мен дельфинарийге каршымын.
-15
Ba-xa
2015-12-30 20:20:04
timarama91,каршы болсон уйдо отур королектер барып корсун
+16
Rifle_2
2015-12-31 08:53:09
timarama91, сөзүңүздү тактап жазыңыз. Меннимче бул жакшы ачылыш. Көрүп калабыз, деңизге барабызбы жокбу ким билет.
-1
aash
2015-12-31 15:55:02
timarama91 Элден башкача болуп, жалгыз гана сиз каршы экенсиз го.
0
suiuktuujar
2015-12-30 20:47:12
Соонунго
+4
nurbol4
2015-12-30 22:43:33
ачылса жакшыго ушунтип секин секин онуготта
+4
esimdesin
2015-12-30 22:49:50
жакшы экен
+4
aikol87
2015-12-31 00:12:09
Сонунго бишкекте болгондо бармакмын
+4
artur2008
2015-12-31 00:23:32
Кируу акысы канча болду экен? Билгендер болсо жазып койгулачы
+2
Nazar.arapbaev
2015-12-31 00:45:04
artur2008,300 дон 100ге чейин деп жаткан
+3
aianaaiana
2015-12-31 00:47:41
Бишкектин кайжеринде экен?
+2
Rifle_2
2015-12-31 08:53:58
aianaaiana, южный мкр окшойт, сүрөттөрүнөн байкасак.
-1
saru
2015-12-31 00:54:25
Активистерди токмоктоп жоготуш керек ал жактан.Кордук коргон жаныбар ушундай жакшы маанай менен,элге онорун корсотобу?Деги активистер Дельфин жонундо тушунугу болду бекен
+7
EAmirbek
2015-12-31 01:37:08
Ушул активист болумуш болгондор жаман куйгузду го, жакшы ишти коро албагандар
+4
rnurzida
2015-12-31 02:09:49
Жакшы кабарлар деле бар экен го ). Зордоп кетти, тоноп кетти, өлтүрдү ж.б. жаңылыктардан арылтып адамды, сүйүнттү бул кабар. Ачылганы жакшы болуптур. Өнүгөлү биз деле. Каршылыкты жөн эле койсо да болмок экен.
+7
mira77
2015-12-31 02:47:01
Сонун . Биз деле ушинтип онуксок кана . Мен да буюрса кыздарым менен барам
+2
dasta
2015-12-31 08:32:52
Соонун боолупур киргим келип кетти ичине
+1
FSB
2015-12-31 20:55:05
Men da karshymyn!!!!
-2
aku
2016-01-01 00:42:48
Чет мамлекетке барып коро албагандарга жакшы да,алдына алып келип корсотуп атса да наалышат.барбагандар барбай эле койгула
0
bah_tee
2016-01-01 14:46:07
Ушунан коро элге пайдасы тийе турган бир ишке митингке чыкса болбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан