Бишкек. Жаңы жыл алдындагы соода кызуусунда (фоторепортаж)

Жыл сайын Жаңы жыл алдында соода менен алектенгендердин саны кескин көбөйөт эмеспи. Учурда базарлардын айланасынан ары-бери өткөндө жол бойлоп кардар күткөндөрдү көз жаздымда калтырууга мүмкүн эмес. Жаңы жылга бир күн калгандыктан, базар ичинде бут коёрго орун жок.

Жайма базар кылып акча тапкан соодагерлердин ачуусу чукул, бири-биринен орун талашуу менен кардар күтүшүүдө.

Ал эми шаардын тургундары менен коноктору майрамдык дасторконду жасоого алына жараша каражат жумшоодо. Көпчүлүгү жакындарына белек тандоо менен алек.

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Ошондуктан базар ичинде тартип сакчыларынын да саны арбын. Баш аламандыкка жол бербей, көзөмөлдөп турушат. Милиция кызматкерлери жок жерлерде баш аламандык орун алып, туш келди жерде соода кылгандар аз эмес.

Жылда бул жерде кардарларга караганда сатуучулар көп болуп, баш аламандык орун алчу. Быйыл тартипти катуу карап жатышкандай.

Базар ичин торттун түрү, шампан, мандарин, апельсин жана ананас каптаган. Баасы ар бир кардардын чөнтөгүнө ылайыктуу. Торттор 250 сомдон 400 сомго чейин сатылып жатса, шампандар 130 сомдон 300 сомго чейин, ананастын килограммы 100-120 сомдун тегерегинде болууда.

Жаңы жылда көпчүлүк жакшы нерселерди күтөт. Бул кардар лотерея алып, белек утуп алайын деп жаткан сыяктуу.

Көп сатылып жаткан азык-түлүктүн катарында үндүк эттери бар. Баасы 1300 сомдон 1800 сомго чейин болууда.

Базардагы адам көңүлүн ирээнжиткен көрүнүш.

2016-жыл Маймыл жылы болгону менен, базарда алардын сүйүктүү тамагы болуп эсептелинген банан анча көп эмес экен.

Кыргыздын майрамдык дасторкону бул тамаксыз көркүнө чыкпаса керек.

Белек даярдоодон качкандар бул сыяктуу даяр белектерди да алса болот.

Жаңы жыл алдында базарда сатылган жер-жемиштердин өңү да башкача сыйкырдуудай сезилет.

Бул сатуучунун айтымында, быйыл кардарлар тоокту көп алышууда. Андан сырткары балыкка болгон суроо-талап да жогору экен.

"Мындай жакшы маанайдагы сүрөттөрү бар торттор да көп сатылууда",- дешет сатуучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikol87
2015-12-30 18:57:32
Бизде чогу тосу буйрубады.атабыз эртен учат крга.Биз бул жакта(((.
0
Genar.benicio
2015-12-31 01:16:32
Жаны-жылды Кыргызстанда тоскум келип кетти ,ата-энемдин жанында)
Ананастар арзан экен Москвада 800р 1 килограмы
+2
33SUUN
2015-12-31 03:09:15
Жаны жылыныздар менен кыргыз элим.Дасторконунузгарда береке жашоонуздарга бейпилчилдик,токчулук,ынтымакчылык берсин Кудайым.!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан