Ош шаарында жаштар үчүн мэрдин жаңы жылдык балатысы болуп өттү

Ош шаарында жаштар үчүн мэрдин жаңы жылдык балатысы болуп өткөнүн Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 500дөн ашык жаштар катышкан жаңы жылдык кече музыкалык, чыгармачылык жана интеллектуалдык сынактар, концерттик программа менен коштолду. Жаштар ыр-бий сынактарында өнөрлөрүн көрсөтүшүп, эсте каларлык белектерге ээ болушту.

Сынактардын активдүү катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө белектерди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, мындай иш-чаралар жаштардын өнүгүүсүнө түрткү болорун, алардын жөндөмдүүлүгүн жана өнөрлөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин айтты. "Баарыңарды чын жүрөгүмдөн Жаңы жылыңар менен куттуктайм! Силерге ийгилик, бакыт, чың ден соолук, бейпилдик жана өсүп-өнүгүү каалайм. Биз ар дайым жаштардын бардык иш-чараларга активдүү катышуусуна жардам берип, аларга колдоо көрсөтөбүз",- деди Айтмамат Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан