Чаткал районунда сурьма казып жүргөн эки жигит көчкүнүн алдында калып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Заирбек Нарматов билдирди.
Маалыматка таянсак, окуя 28-декабрь күнү Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында орун алган. Аталган аймакта жайгашкан сурьма кенинде иштеп жүргөн эки жаш жигитти иш учурунда көчкү басып, алар окуя болгон жерден каза табышкан.
"Жергиликтүү тургундардын баары ушул жерден кен казышып, күнүмдүк тамак-ашына акча таап кетишет. Узундугу 3-4 чакырымды түзгөн тоннелдерге кирип сурьма чогултуп сатышат. Каза тапкан эки жигиттин бири чаткалдык болчу, экинчиси Ала-Букадан. Алардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Буга чейин да сурьма казгандар караңгыда адашып кетишип, 3 күн дегенде араң чыгышкан. Өздөрү чыга албай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип чыгарышкан болчу",- дейт Нарматов.
Жергиликтүү тургун эгер бул маселеге тиешелүү органдар көңүл бурушпаса, дагы адам өмүрү кыйылышы мүмкүн экенин айтып тынчсызданууда.