Жайыл районунда уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү аймактык милицияга арыз менен Федосеевка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, акча каражатын жана баалуу буюмдарын алып кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда бул факт боюнча "уурулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан