2015-жылы дүйнө боюнча иш учурунда 69 журналист каза болгон

2015-жылы дүйнө боюнча жумуш учурунда 69 журналист каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Чеги жок кабарчылар" Эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, курман болгон журналисттердин көбү куралдуу жаңжал болбогон өлкөлөрдө өлтүрүлгөн, ошондой эле 43 журналисттин кандай кырдаалда каза болгондугу белгисиз.

Баяндамалардын авторлору Сирия жана Иракты журналисттер үчүн кооптуу мамлекеттер деп аташты. Иш учурунда Сирияда 10, Иракта 11 ММКлардын кызматкери өлтүрүлгөн.

Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылы 29 журналист террористтердин колунан өлгөн. Алардын арасында Мухаммед пайгамбарды мазактап, карикатурасын жарыялаган Париждеги "Charlie Hebdo" сатиралык журналына кол салганда өлтүрүлгөн 8 журналист бар.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-декабрда кечинде Бишкекте жол кырсыгынан оператор каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
azamatzh
2015-12-30 19:42:55
Маалымат айдынында баарынан бир кадам алдыда жургон ушул кесип ээлери.Ал эми козу откондордун жаткан жерлери жайлуу болсун!
+3
Take_men
2015-12-30 19:49:01
Мухаммед А.В.С пайгамбарды мазактаган журналист тируу азырынча. 43 тун ордуна ошол кетсе жакшы болмок.
+5
MuslimNur95
2015-12-30 20:53:05
Paygambarubuz Sallalloohi aleyhi vassalam suranuch tuugandar salavattu kuskartpay jazgulachu paygambarubuzdun atu atalganda
+4
Moskva.kg
2015-12-30 23:12:00
Ушундай боло берсе жанылык деле корбой калабыз го журналистер азайып
+3
tilek88.88kg
2016-01-01 10:54:12
Пайгамбырды мазактаган кишини олтурду окшойт е
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан