Борбордо "зордуктоого аракет кылган" деп шектелип шаар тургуну кармалды

Бишкек шаарында "зордуктоого аракет кылган" деп шектелип шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Дордой жаңы конушунан белгисиз адам ага күч колдонуу менен аны зордуктоого аракет кылганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы А.Азамат аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2015-12-31 13:33:39
Президентибиз тезирак еле педофилдерге каршы чаара корсо болот еле. Ушуга окшогон кылмыщтар кун санап осуудо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан