Президенттик аппарат: Улуттук онкология борборундагы өспүрүмдөргө жаңы жылдык белектер тартууланды

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Улуттук онкология борборундагы жана кароосуз калган балдардын мекемесиндеги өспүрүмдөргө жаңы жылдык белектер берилди.

Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Улугбек Марипов бүгүн, 30-декабрда Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барып, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан балдарга жаңы жылдык белектерди – таттууларды жана китептерди тартуулады.

Марипов мамлекет башчынын атынан балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, ден соолук жана бакыт каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан