* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 474 медаль утушкан. 2013-жылдын эсебинен аталган агенттик 192 спорттук-массалык иш-чара уюштурган. Ал эми спортчулар 2013-жылы 81 эл аралык мелдешке катышып, жалпысынан 123 алтын, 125 күмүш жана 226 коло медаль тагынышкан.
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы "Гангнам стайл" ыры менен белгилүү болгон түштүк кореялык рэп ырчысы PSY Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Пак Чэ Сан. Ал чыгармачылыкка 2001-жылы киришкен. Ал композитор, музыкалык продюсер катары да белгилүү.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Гватемалада жарандык согуш аяктаган. Ал 1960-жылы 13-ноябрда башталып, 36 жылга созулган. Айрым маалыматтарда бул согушта 150 миңден ашуун адам жоголгон деп айтылса, айрымдарында 200 миңден ашуун адам каза болгону жазылган.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Борис Ельцин президенттик кызматтан кетип, анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп Владимир Путин дайындалган.
31-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.