Бүгүн, 30-декабрда Бишкекте алгачкы жолу дельфинарий ишке кирди. Бул жайдын салтанаттуу ачылышынан 2 саат өткөндө аталган жайдын иштөөсүнө каршы митинг болуп өттү. Анда 50гө чукул активист элди бул жайга келип көңүл ачпоого чакырды. "Жаныбарларга орой мамиле жасалып жатат. Мындай көрүнүштүн артынан акча табуу туура эмес. Дельфиндерди тирүү кезинде сактап калышыбыз керек",- дешти алар.
Алардын колдорундагы плакаттардан "Жаныбарларга карата оройлукту колдобогула!", "Дельфиндин үйү - деңиз", "Дельфиндерди тирүү кезинде сактап калалы" деген жазууларды окууга болот.