Ысык-Көл ОИИБнин Жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери 25-29-март күндөрү аттестациядан өтүшөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. Маалыматка таянсак, 13-март күнү жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн катышуусу менен жыйын болуп , анда кызматкерлер атайын тест тапшырышкан. Азыркы учурда республикалык аттестацияга даярдыктар жүрүүдө.