Бишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашууну кардан тазалоо үчүн 17 жумушчу, 10 техника иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-декабрда билдиргендей, жол тазалоо ишин 2 грейдер, 1 КамАЗ, 3 МаЗ, 2 кран, 2 жүк жүктөп берүүчү техника аткарууда. Учурда тоннель жана ашуунун эки тарабы ачык, кыймылга чектөө жок.
Трассанын 124-130-чакырымында кар баскан жолду кеңейтүү, кум чачуу, 146-197-чакырымында карды күрөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.